12.09.2018 09:32

Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.